ПАЦАНЫ

Элестетсеӊиз, биздин жылдыздар супергеройлор болсо, алар кандай болмок? Кандай ишке жарамак? Нукура супер каармандар боло алмак беле же чындыгында күчү бар болгону менен ушундай эле “пафос” жыттанган инста-каармандар бойдон кала беришмекпи?

Бул сериал так ошондой инста-супергеройлор тууралуу. Алар медиа аркылуу өзүлөрүн жылдыз кылып, өз продукцияларын бренд кылып элге таратуу максатын көздөшөт.

ВИДЕТЬ

Дүйнөнү жаӊы вирус, жаӊы оору каптады. Короновирус эмес.

Бүткүл адамдар сокур болуп жашоосун улантууда. Жаӊы доор. Адамдар кайрадан урууларга бөлүнүп жашоодо.  Ошондой бир уруулардын биринде эки наристе дүйнөгө келет. Бирок булар көздөрү азис болбостон төрөлүшөт.  Ири уруулар бул эки наристени издегени жолго чыгышат. Кичи уруунун башчысы Баба Восс өз элдери менен дүйнөнүн башка бурчуна качат...

УЭЙН

Жаштарга арналган сериал. Башкы каарман сүйгөн кызы менен үйдөн качып чоӊ сапарга аттанышат. Максаты болсо каза болгон атасынын унаасын кайра алыпп келүү. Эки жаш болсо жөнөкөй жаштардан эле. Ата-энеси аракечтер. Мектептеги достору начар. Мугалимдер кайдыгер. Кошуналары түркөй.  Жаштардын бүткүл айлана-чөйрөсү эки жашты көрбөй жүргөндөй. Андыктан алар өзүлөрүнө  каза болгон атасынын унаасын кайтарууну максат кылып коюшат.

КАРНИВАЛ РОУ

Дүйнөдө адамдар жана башка сыйкырдуу жандар арасындагы  жарандык согуш токтоп, тынчтыкта эптеп жашап келаткан учур.  Жергиликтүү детективдин ролун ойногон Орландо Блум сырдуу өлүмдөрдү иликтегенге аттанат. Адамдар болсо сыйкырдуу адамдарды жек көрүшөт, сыйкырдуулар болсо да адамдары араӊ чыдап жүрүшөт.

ВОИН

Бул сериал Брюс Линин сценарийинин негизинде тартылган. Учурунда кинокомпаниялар Брюс Линин сценарийне макул болбой ишке ашырышпай жүрүшкөн.  Бугүнкү күндө сериалды Брюс Линин кызы Шенон Ли жаратмакчы.

ВЕДЬМАК

Күзүндө/кышында соцтармактарда мемдерге жана пародияларга кескиленген сериал. Биринчиден, бул ыр. Жөнөкөй болсо да элге жагып, көптөгөн пародияларга ээ болгон. Экинчиден, “Ведьмак” аттуу сериал польшалык жазуучу Анджей Сапковскийге таандык. Окуя боюнча афро-америкалыктар  эч эле жок. Бирок сериалды жаратууда  афро-америкалыктар катышкан.

Бирок буга карабастан сериал мыкты тартылган жана аябай кызыктуу. Өзгөчө кызыктуу нерсе “Права неожиданности” деген каргыш. Бул каргыш боюнча бир киши башка кишиге өзү билбеген же биле элек нерсени ыйгарып бериши керек. Мисалы, мага бир жуманын ичинде кошумча 5 000 миӊ сом акча түшөт. Бирок бул акча түшөрүн билбей турам. Билбеген учурда “Право неожиданности” деген сөз колдонуп башка бирөөгө белек кылышым керек.

ТЕМНЫЕ НАЧАЛА

Бул сериал “Северное сияние” атуу китептин негизинде тартылган. Китеп үч бөлүктөн турат. Азыр болсо биринчи китеп боюнча биринчи сезон тартылды.  Учурунда  “Золотой Компас” деп кино тартылган .

Окуя боюнча биздин дүйнөгө каршы башка дүйнө бар. Бул дүйнөдө ар бир адамда төрөлгөн мезгилден баштап деймон деген жаныбар жандап жүрөт.  Деймондор ар дайым адамдын жанында бөлүнбөй жүрүшөт. Алар түрдүү жаныбарлар болушу мүмкүн: түлкү,  маймыл, жолборс, илбирс, чычкан жана башка. Бирок аюлардан тышкары. Аюлар деймон боло алышпайт, алар өзүнчө бир уруу.

Бул сыйкырдуу дүйнөнү магистериум деген уюм башкарып турат жана алар ар кандай түрдүу илим-билимге каршы чыгып келишет.  Лира аттуу жаш кыз атасын издегенге чыгат, бирок жарым жолдон чоӊ бир кылмышка дуушар болот:  белгисиз бирөөлөр лөлүлөрдүн балдарын уурдап деймондордон ажыратып жатышат...

РИВЕРДЕЙЛ

Бүгүкү күндө төрт сезону бар. Окуянын борборунда 4 жаш балдар жана алардын айлана-чөйрөсү. Жаш болгонуна карабай жашоодогу көйгөлөрдү чечкенге аракет кылышат. Ар бир чечим кандайдыр бир жоопкерчиликти талап кылат жана жаӊы окуяларды жаратат.  Ар бир чечимде курмандыкка үй-бүлөнү же достукту, же өзүнүн абийирин ортого коюшу керек.

МАНДАЛОРЕЦ

Бул сериалды точно көрбөйсүӊөр!

ЗАТЕРЯНЫЕ В КОСМОСЕ

Акыркы жаӊы мыкты сериал. Бул сериалды толугу менен балдар жана үй-бүлөӊөр менен көрө аласыӊар.  Окуя боюнча жерден качып бараткан адамдар Центаврдын Альфа планетасына учмакчы. Жолдон авария болуп башка бир планетага токтошот. Бирок бул планета да бир жумадан кийин жок болот.... Бир баласы жана эки кызы бар болгон үй-бүлөө башка адамдарды бул планетадан учуруп куткарышы керек.

Бирок үй-бүлөөнүн жаңы мүчөсү пайда болот – робот.

Сериал сюжет жагынан гана кызыктуу эмес, заманбап компьютердик технологиялар башка планеталардын жана космостун  жаратылыш кооздугун мыкты деӊгээлде чагылдырды.

 

 

Урматтуу окурман! Бул жакын арада чыккан кызыктуу сериалдын бир гана бөлүгү. Алдыда макаланын экинчи бөлүгү чыкмакчы.

Бирок биз сиздер үчүн башка түрдүү сериалдарды топтоп бердик.

Же буга чейин  сериалдын кайсынысын көрсөӊүз – ылдый жагына комментраий жазыӊыз.

Comments

comments