Карантинде жатып сериал көр

Урматтуу окурман! Бул тизмеде 2019-жылга чейин чыккан сериалдар болот. Бул тизме ири жана белгилүү сериалдарды эске албайт. Мисалы, “Игры престолов” дегенди  көрбөсөңүз  деле, сөзсүз түрдө уккан болушуңуз керек. Ыйлдыйда жазылган сериалдын көбү “жабык” болот.

 

 “Жабык сериал” –  окуя толугу менен бүтөт  жана жаӊы сезондору жок.

 

Сүрөткө бассаӊыз – дароо сериалга өтөсүз. Алдын ала биздин баракчаны браузериӊизге сактап алыӊыз.

1) ДИРК ДЖЕНТЛИ

Эгерде детектив жанрын жакшы көрсөңүз, анда бул сериал сиз үчүн. Албетте “Шерлок” сериалы стиль жана окуяны элге сунган жагынан башка детектив сериалдарды чаңында калтырат. “Шерлокту” көрүп бүткөндөн кийин “эмнеге башка сериалдар ушундай эмес” деген кайгы пайда болчу эле.  “Дирк Джентли” башка сериалдарга карганда кызыктуу.

Бирок бул сериалдын өзүнчө ыкмасы бар. Себеби, Дирк Джентли деген каарман жөнүндө эки сериал тартылган. Автор англиялык Дуглас Адамс деген киши. Андыктан алгач англиялыктардын версиясын көрүшүӊүз абзел. “Шерлок” сериалына окшоштурууга аракет кылган сериалдын автору.

 

  1. Дирк Джентли

 

Экинчи  варианты болсо Америкага таандык.  Бул версиясы заманбап, бат диалогдор менен тартылган. Негизинен эле бул сериалда чоюлуп тартылган эпизоддор жок.

 

2. Холистическое агенство Дирка Джентли.

P.S: Холистика – болуп жаткан бардык окуялар бири-бирине байланыштуу, байланышсыз окуялар деги жок. Себиби - аалам бир.

 

2) “УЭЙУОРД ПАЙНС” же “СОСНЫ”.

 

 

2016-жылы март айында Итан аттуу атайын иликтөөчү Уэйуорд Пайнс шаарына сапар тартат. Анын максаты – бул шаарга Итанга чейин келеген 2 изилдөөчүнүн өлүмүнүн себебин аныктоо. Бирок шаардын тургундары кызыктай кылык-жоруктарын көргөзүп башташат. (Шаардан айылга келгенде местныйлардын  странный движениялары башталат ко... типа ушундай....)
Бул шаарда ар бир киши башка кишини көзөмөлдөп турушу , өзгөчө эрежелер жана жүрүм-турумдар кызыктуу.  (накта айылыма окшош экен). Эӊ кызыктуусу – шаардын бийик дубал менен курчалган жана жер жүзүндө 4028-жыл....

 

3) “ТОЙ НОЧЬЮ” же “ОДНАЖДЫ НОЧЬЮ”

Биринчи сериясын көрүп бүткүчө жаныӊыз кыйналып кетет.

Бир сезондон эле турган кыска сериал. Окуя боюнча Насир Хан  аттуу пакистандык жаш студент Андреа аттуу нью-йорктук кызды кескилеп өлтүрдү деп шектелет. Суроо: Полиция кызматкерлери, прокурорлор жана соттор шектелген Насир күнөлүү эмес экенине ишенишет деп айта аласызбы? Насир пакистандык, түсү ак болбосо...

Расизм темасын камтыган дагы бир сериал бул “Когда они нас увидят”. Бул сериалды да көрүшүӊөр керек. Беш кара-тору жаш балдарды  ак кызды өлтүрдү деп түрмөгө отургузушат. Бирок жакындары, кошуналары эч макул болбой жылдар өтсө да каршы туруп келишет. Сериал чыныгы “Пятерка из Центрального парка” окуянын негизинде тартылган.

4) Стивенг Кингдин аӊгемеси боюнча тартылган “КАСЛ РОК” сериалы.

“Шоушенк” аттуу түрмөнүн мүдүрү өз жанын кыйып өлөт. Ошол эле күнү түрмөнүн жабык жана эӊ узак бөлүгүндө бир жаш жигит табылат. Бул жаш жигит туралуу эч кимдин кабары жок. Камакка алынгандыгы боюнча да эч маалымат жок. “Документтери жок болсо деле тузакта отурса, демек  бир нерсе үчүн отургуздук да” деген ойлор менен жаӊы мүдүр жаш баланы кое бербейт. Сырдуу тузакчы жөнүндө бир адвокат билип калып, иликтөөгө жана жардамга Касл Рок аттуу шаарга келет.

5) “ВИРТУОЗЫ”

Кызыктуу сериал. Бул сериал бай жана желмогуз адамдарды тоногон достор жөнүндө. Бирок сериалды көрүп кандай гана кырдаал болбосун, өзүңдү кармап паникага алдырбаганга үйрөтөт. Ошондой эле адамдарды алдоо боюнча бир эки ыкма көргөзөт.

Өзүнө көп ишенбеген, тартынчаак, акырын сүйлөгөн көрүүчүлөргө сунушталат.

6) “СБОЙ”

Австралиянын бир шаарында, бир түндө мазардан 6 киши көмүлгөн жеринен бул дүйнөгө кайтып келишет...

7) “ВОЗВРАЩЕННЫЕ” же “ЗОВ СКОРБИ

 

Сюжети “Сбой” сериалга окшош, бирок окуя таптакыр башкача. Элестетсеӊиз, сиз жаш жигитсиз. Сүйгөнүӊүз бар жана 2 күндөн кийин той мааракеӊиз болот. Бирок кокусунан каза болуп калдыӊыз... Арадан жылдар өтөт... Сүйгөн кызыӊыз сизди унута албай жалгызыкта 5 жыл жашап жүрдү. Эптеп жүрөгүн бошотуп, башка жакшы жигитти таап турмуш курганга кадам жасады. 5 жыл өтөөрү менен, себеби  белгисиз бойдон, бирок сиз кайра тирүү болуп көчөдө турасыз. Мерт болгонуӊуз эсиӊизде жок! Костюм шымчан турасыз. Өлүмүңүз жөнүндө такыр кабарыңыз жок! Эсиӊизде бар болгон бир эле нерсе – бүгүн тоюм бар, бүгүн үйлөнөм. Бул ойлор менен тойго жөнөйсүз.... Тойго келгенде адамдардын шогун элестете аласызбы? Кыздыкынчы?

8) “МАРКО ПОЛО”

Чындыгында көчмөндөрдүн стилин, жашоосун жана саясатын жакшы чагылдырган тасма. Монголдор биздин таарыхка да байланыштары бар болгону үчүн бул сериал кызыктуу болот. Көчмөн эл деп жүргөнүбүз менен көчмөндүк эмне экенин бул сериалдан кийин гана түшүндүм! Көчмөн цивилизациясы бүгүнкү күндө өзгөчө жаштар тарабынан байыркы бир тарыхта калган замандын бөлүгү жалпысынан кабыл алынат. “Марко Поло” сериалы көчмөн цивилизациясын нукура ачыктап берет.

P.S:  Мирбек Атабековдун “Мурас” ырынын клиби бул сериалдын заставкасынан копияланган.

9) “ВОЛШЕБНИКИ”

Негизинен эле сыйкырлар тууралуу сериалдар көп. Бирок көпчүлүгү же сценарий жагынан аксайт, же графика жагынан. Эгерде “Гарри Поттердин” деӊгээлиндеги графиканы көрөм десеӊер, анда бул сериал сиз үчүн.

 

10) “СОРВИГОЛОВА”

Netflix компаниясынын алгачкы суперкаармандар жөнүндө ишке ашырган долбоорлордон бири. Көптөгөн суперлер жөнүндө вариантардын арасынан булар “Сорвиголованы” тандашат.  Сериал ийгиликке жетерине эч ким ишенбей жаткан. Себеби учурунда “Сорвиголова” деп толукметраждуу тасма жарыкка чыгып ийгиликке жете албады. Жадагалса жазылган саундтрек кинодон да популярдуу болуп чыккан.

Жаӊы Сорвиголова болсо башка стильде, башка кино тилде тартылган. Бул жакта каарман анча деле супер эмес.  Чыныгы жашоодой эле башкы каарман чыныгы  токмок жеп кыйынчылыктардан өтөт. Күндүзү болсо ал сокур адвокат, түндө болсо сот системасынан качкандарды жазалаган Сорвиголова.

Жадагалса мушташкан эн узун “бир” кадр наамынын эки жолку ээси.

11) Акыркы сериалыбыз “ПОЧЕМУ ЖЕНЩИНЫ УБИВАЮТ”

 

Эгер аял өч алам деп чечсе, эркек оңбой калды го деп ойлой бериңиз. Анткени назик аялзатынын ачуусу бир келгенде тоодой нерсени омкоруп коет. А бирок өч алуу, жек көрүүнүн себеби эмнеде? Кантип эле бир төшөктө жаткан аялы күйөөсүн өлтүрө алсын деп таң калсаңыз, анда бул сериал сиз үчүн.

Сериалда бир үйдө бирок үч башка заманда жашаган үч үйбүлө туралуу кеп болот.  Биринчи айым күйөөсү ойнош айым менен жүргөнүн билип, бирок эч нерсе кыла албандыгы жөнүндө. Тартынчаак айым болгонуна себептүү проблемалардын баары менде деп ойлойт. Экинчи айым 80- жылдары жашайт. Айланасында пафос менен толгон достор, коллегалар, кошуналар. Элдин сөзүнөн корккон айым сүйбөгөн күйөөсүн аргасыз чыдаганга мажбур болот. Үчүнчү айым биздин заманда  жашап, жакшы жумушта иштеп,  дурус жумушка жарабаган жигитин багып чыгат.

Comments

comments